15:28, 26 февраля 2019, 24.kg

Текебаев: Атамбаев саясый технологдордун жардамы менен Жээнбековду утууда

Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевге утулуп жатат. Бул тууралуу «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Elgezit.kg порталына берген маегинде билдирди.

Учурда абакта олтурган партия лидери экс-президент Алмазбек Атамбаев убакытты утуп, саясый маанилүү кадамдарга барып жатканын айтат.

«Акыркы эле маалымат жыйынын карасак, Атамбаев кыска сүйлөп кетип калды. Ашыкча сөз болбоду. Атамбаев кагаздан баш көтөргөндо эле «балп» этип алчу эле. Ошол эле учурда маалымат жыйында маанилүү сөз айтылды. Атамбаев парламенттик шайлоого катышат. Демек, мындан аркы ага карата кадамдар саясый куугунтуктоо болуп эсептелет. Негизи эле баары Атамбаевдин азыр кайра чет элдик саясый технологдор менен иштеп жатканын көрсөтөт», — дейт.

Өмүрбек Текебаев президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам долбоордун айланасындагы талаш-тартышта дагы Алмазбек Атамбаев утушка ээ болду деген ойдо.

«Атамбаев бекиткен конституциялык палата мыйзам долбоор боюнча оюн айтты. Алар жаңы долбоор керектигин, эскиге өзгөртүү менен мыйзамдын артка күчү жоктугун белгилешти. Кандай өзгөрүү болсо дагы ал Алмазбек Атамбаевге тиешеси жок болот. Конституциялык палатага ким кайрылды? Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов, ага чечимди Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров чыгарды. Башкача айтканда, алар атайын Атамбаевге саясый иммунитет алып беришти», — дейт Текебаев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18