14:41, 26 февраля 2019, 24.kg

Бишкек-Кара-Балта жолу. Ар чакырымынын курулушуна 1 миллион 600 миӊ сом жумшалат

Бишкек-Кара-Балта автожолунун ар чакырымынын курулушуна болжол менен 1 миллион 600 миӊ сом жумшалат. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде автомобиль жолдорунун абалы жана автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Жыйын жүрүшүндө депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу качан аяктай турганына жана ал азыр эмне себептен токтоп турганына кызыкты. Анын пикиринде, кыштын аякташын күтпөй эле, жол нугун даярдоо иштерин жүргүзө берсе болмок.

Министрдин айтымында, техникалык талаптарга ылайык кыш мезгилинде жол курууга болбойт. «Алдын ала түзүлгөн графикке ылайык, бул жолдун курулушу 2020-жылдын күз мезгилинде аяктайт», — деди ал.

Андан тышкары, «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу жер кыртышынын борпоңдугуна байланыштуу графиктен бир аз кечеңдеп жатканы белгилүү болду. Министр күн жылыса жолдун курулушу тездетиле турганын белгиледи. Ошондой эле, жолдогу 3815 метр тоннелдин 2100 метри казылып бүттү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18