13:36, 26 февраля 2019, 24.kg

Өзбекстан Кыргызстандан картөшкө сатып ала баштады

Өзбекстан менен түзүлгөн жаңы келишимге ылайык, коңшу өлкөнүн жеке компаниялары Кыргызстандан картөшкө сатып ала баштады. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри Нурбек Мурашев билдирди.

«Беш миң тонна картөшкө жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Мындан тышкары онго жакын компания келишимсиз түз сатып ала алышат. Биз аларга тиешелүү шарттарды түзүп беребиз», — деди министр.

Учурда картөшкө сортуна карап 5,5-7,5 сомдон сатылууда.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына да коюлду. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар чыгып жатканы менен негиздеген.

Бул маселени чечүү максатында кыргыз-казак премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Мамин 23-февралда телефондон байланышып, Астана шаарында өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу макулдашкан.

Министрдин айтымында, Казакстанда өкмөт башчы жаңыдан дайындалганына байланыштуу кыргыз делегациясынын Астанага барышы бир-эки күнгө жылдырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18