12:17, 26 февраля 2019, 24.kg

Акыркы 10 жыл ичинде 3 миң 31 кыргызстандык Түштүк Кореяга иштөө үчүн кетишкен

2008-жылдан 2018-жылга чейин 3 миң 31 кыргызстандык жаран Түштүк Кореяга иштөө үчүн кетишкен. Бул тууралуу маалымат жыйында Миграция кызматынын өкүлү Бактияр Төлөнов билдирди.

Айтымында, 2007-жылы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөттөрү ортосунда кызматташуу тууралуу мемарандумга кол коюлган. Андан бери документ 4 жолу жаңыртылды. Бул убакыт аралыгында корей тилин билүү боюнча 12 тест өткөрүлдү. Ага 15 миңден ашуун киши катышкан.

«Кореяда иштөөнү каалагандар үчүн керектүү жаш курак 18 жаштан 39 жашка чейин. Алар корей тилин билгендиги тууралуу тест тапшырышы керек. Буга чейин соттолбогондугу, Кореядан депортация болбогондугу жана ар кандай жугуштуу оорулар менен оорабагандыгын тастыктаган документи болушу зарыл», -дели өкүл.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18