11:44, 26 февраля 2019, 24.kg

Аймактарды өнүктүрүү боюнча конференция өтөт

Бишкекте «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» конференциясы өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирет.

Ага президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышат.

Конференцияга аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлик бутагынын, башка мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкердик жана эксперттик коомчулуктун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган.

Конференциянын максаты — аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, өнүктүрүү, өлкөнүн жана Кыргызстандыктардын бакубаттуулугу үчүн калктын жана мамлекеттик органдардын өз ара активдүү аракеттенишүүсү, бизнес тармагы, жарандык, эксперттик коомчулук жана эл аралык институттардын пикир алышуусу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18