10:23, 26 февраля 2019, 24.kg

Улугбек Бабакулов Франциядан расмий түрдө саясий башпаанек алды

Журналист Улугбек Бабакулов Франциядан расмий түрдө саясий башпаанек алды. Бул тууралуу Фергана басылмасы жазды.

Буга чейин журналист 24.kg агенттигинин берген суроолоруна жооп берип жатып, азырынча өз мекенине келе албай тургандыгын айткан.

«Мен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин айынан чет жерде жүрөм. Франция бийлиги мага жана үй-бүлөмө бул жакта отурукташууга мүмкүнчүлүк берди», -деген.

Эске салсак, 2017-жылдын июлунда УКМК журналистке карата улуттук, расалык жана диний козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Улугбек Бабакулов чагымчыл мүнөздөгү бар канча макалаларды жазып чыккан. Ал 2017-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18