09:41, 26 февраля 2019, 24.kg

Кара-Балтада 8 белгисиз жаран кулагынан майыптыгы бар айдоочуну сабап кетишкен

Кара-Балта шаарында 8 белгисиз жаран кулагынан майыптыгы бар айдоочуну сабап кетишкен. Бул маалыматты 24.kg агенттигине жабырлануучунун эжеси Гүлнара Жусупбекова билдирди.

Айтымында, 17-февраль түнү 24 жаштагы Акжолбек Солтонбеков такси айдап жүргөн. Ага 2 кардар келип Полтавкага чейин жеткирип коюуну суранышкан.

«Ал кардарларга жол кире 100 сом экенин айткан, шектүүлөр макул болгону менен айылга келгенде айдоочуга 10 сом гана берип коюшкан. Акжолбек чыр чыгарган эмес, анткени ал кыйкыра дагы албайт эле. Акжолбек үйгө келе жатканда артынан 8 бала 2 унаа менен кууп жетип, эсин жоготконго чейин сабап салышкан. Азыр ал ооруканада жатат», -деди Гүлнара Жусупбекова.

Жабырлануучунун энеси окуя болгон күнү эле арыз жазган, бирок укук коргоочулар эч нерсе кылыша элек.

Чүй ОИИБдан 24.kg агенттигине билдиришкендей, таксинин айдоочусу азырынча сурала элек.

«Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Арыз ээси суракка алына элек, анткени ал кулагынан майыптыгы бар. Ал сурдокотормочу келгенде гана суракка алынат», -деп билдиришти ОИИБдан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18