16:24, 25 февраля 2019, 24.kg

«Себаттын» жетекчилиги бүтүрүүчүлөр жазган окуяларды текшерет

«Сапат» (мурдагы «Себат») билим берүү мекемеси окуучуларга карата жасалган мамиле тууралуу бүтүрүүчүлөрдүн #metoosebat хэштеги менен жазгандары боюнча текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Сапаттын» жетекчиси Нурлан Кудайбердиев билдирди. 

Анын белгилешинче, мугалимдердин балдарга карата жасаган мамилеси дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө.

«Бул хэштегдин алдында жазгандар лицейди 10-15 жыл мурун бүтүрүп кеткендер окшойт. Ошого карабай, биз бул маалыматтарды текшеребиз, аларга байланышып, ким эмне болгонунун баарын сурайбыз. Окуучуга туура эмес мамиле кылган мугалимдер болуп калса иштен алынат», — деди ал.

Учурда «Сапат» билим берүү мекемесине караштуу он алты лицей, төрт мектеп, бир жогорку окуу жайы бар. 90-жылдары түрк лицейлери катарында Кыргызстанда ачылган «Себат» билим берүү мекемелери 2017-жылдан тарта аталышын «Сапат» деп өзгөртүп, аны негиздөөчүлөр курамы Кыргызстандын билим берүү министрлигинин карамагына кирген. Буга Анкаранын бир катар мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан да Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына таандык мектептерди, анын ичинде кыймылга таандык делген «Себат» мектептерин да жабууну талап кылганы негиз болгон. Расмий Бишкек «Сапат» өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштеп жатканын, мамлекет үчүн коркунучу жоктугун билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18