16:16, 25 февраля 2019, 24.kg

Казакстанга жаңы премьер-министр дайындалды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев премьер-министрлик кызматка Аскар Маминдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы тиешелүү сунушун парламент мажлисинин кароосуна алып чыкты. Аскар Мамин 21-февралда отставкага кетирилген Бакытжан Сагинтаевдин өкмөтүндө премьер-министрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Учурда ал өкмөт башчынын милдетин аткарууда.

53 жаштагы Мамин ага чейин «Казакстан Темир жолу» улуттук компаниясынын жетекчиси, Астана шаарынын акими, транспор жана байланыш министри кызматтарын аркалаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18