15:35, 25 февраля 2019, 24.kg

Ошто коомдук транспортко болгон төлөм электрондук карта аркылуу жүргүзүлүүдө

Бүгүнтөн баштап Ош шаарында троллейбустарга жол акы электрондук карта аркылуу жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач электрондук карта менен төлөө ыкмасы № 1 троллейбусттук каттамдарга (14 троллейбуска) киргизилди. Жуманын акырына чейин № 2 троллейбустук каттамдар, мартта шаардагы автобустар өткөрүлөт.

«Картанын баасы 100 сом болуп, ичинде 36 сом акчасы бар. Карталарды Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кеңсесинен, Ош МУ, Ош ТУдан жана айдоочулардын өздөрүнөн алса болот. Электрондук төлөмдүн киргени айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө өтө ыңгайлуу болот. Анткени убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт», -деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18