14:05, 25 февраля 2019, 24.kg

Өмүрбек Текебаевдин ишин адам укуктарын коргоо боюнча БУУнун комитети карайт

Адам укуктарын коргоо боюнча БУУнун комитетине «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши тууралуу документтери келип түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Адилет» укуктук клиникасынан билдиришти.

Юристтин айтымында, иш кароо үчүн кезекте турат.

«Ишти расмий түрдө каттоого алган соң, ага номур берилет. Комитет мүчөлөрү аны карап чыгып мамлекеттин көз карашын өтүнөт», -деп билдиришти клиникадан.

Адистер билдиришкендей, мамлекет өз жообун БУУ комитетине айткандан кийин, юристтер өзүнүн каршы аргументтерин жиберишет.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов жемкорлук айыбы менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

Ага ырайым көрсөтүү өтүнүчү менен экс-президент Роза Отунбаева президентке кайрылган. Бирок, «Ата-Мекен» лидери ага макул болбогондуктан өтүнүч токтотулган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18