11:36, 25 февраля 2019, 24.kg

Улуттук курама команданын футболчусу Тажикстандын клубу менен келишим түздү

Улуттук курама команданын футболчусу Турсуналы Рустамов Тажикстандын «Ходжент» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, Азия кубогунан кийин Турсуналы Рустамовго Ташкенттин «Анжиян» клубунан сунуш түшкөн. Бирок, келишим түзүүдө эки тарап бир пикирге келе алышкан эмес.

Ошол учурда Ташкентте жүргөн «Ходжент» клубунун өкүлдөрү Турсуналы Рустамовду көндүрө алышкан.

Футболчу келе жаткан сезондо «Андижан» командасы менен АФК Кубогунун тандап алуу туруна катышат. Анда 6-мартта жана 13-мартта АФК Кубогунун финалдык баскычына өтүү үчүн «Алай» — «Ахал» клубдарынын беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.

Турсуналы Рустамов 29 жашта. Ал Баткен облусунун Сүлүктү шаарынан болот. Бала чагы Тажикстандын Пролетар аймагында өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18