10:19, 25 февраля 2019, 24.kg

Депутат Канат Исаев казак депутаттарын улак тартышка чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев казак депутаттарын улак тартышка чакырды. Бул тууралуу 23-февралда «Ак-Кула» ат майданында өткөн улак тартышта билдирди.

Депутат казак эл өкүлдөрүн ат майданда күч сынашуу менен тай-казан талашын дагы чечип алууну сунуштайт.

«Тай казан керекпи-жокпу деген суроолор бар. Улан тартышып, ошону дагы ат үстүндө чечели», — дейт эл өкүлү.

Photo 106960

Белгилей кетсек, 23-февралда Жогорку Кеңеш, өкмөт, журналисттер жана Спорт, дене-тарбия агентигинин ортосунда улан тартыш өттү. Мелдешти парламенттин депутаттары утуп алышты. Анда Дастанбек Жумабеков, Мирлан Бакиров, Нурбек Алымбеков, Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Нурбек Тотонов, Канатбек Исаев, Бактыбек Райымкулов, Өмүрбек Бакиров, Урматбек Самаев, Курманкул Зулушев жана Тазабек Икрамовдор ойношту.

Финалга өкмөт менен депутаттар чыгышкан. Оюн 0-2 эсеби менен аяктады. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18