09:17, 25 февраля 2019, 24.kg

Тажикстанда балдарды жапырт сүннөткө отургузуу жараяны башталды

Тажикстанда балдарды милдеттүү түрдө сүннөткө отургузууга чакырган ири масштабдагы кампания башталды.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер аймактардагы «ырымдала элек» балдардын тизмелерин түзүшүүдө. Шаардагы бейтапканалардын биринде иштеген Мехрубон Тешаеванын айтымында, бир жашка чейинки балдарга бекер операция жасалат.

Душанбедеги эмканаларда сүннөт үчүн атайын бөлмөлөр ачылды. Айылдарда бул кызматты медициналык пункттар көрсөтөт. Былтыр Тажикстандагы медициналык мекемелерде «балдарды отургузуу» үчүн 586 атайын бөлмө ачылган.

Тажикстанда 2017-жылы каада-салттарды жана ырым-жырымдары жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, эркек балдар төрөлөр замат — 20 күнгө чейин сүннөткө отургузулушу керек.

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы 80 миң бала сүннөткө отургузулган. Ага чейин бул багытта статистикалык эсеп болгон эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18