08:41, 25 февраля 2019, 24.kg

Орусия: Теңгеден орусча жазууларды алып салуу — Казакстандын ички иши

Казакстандын улуттук акча бирдиги болгон теңгеден орусча жазуулардын алынып салынышы — өлкөнүн ички иши. Бул тууралуу Орусия ТИМинин маалымат департаментинин директору Мария Захарова жума күнү өткөн брифинг учурунда билдирди.

«Бул мамлекеттин ички иши деп эсептейбиз. Ошол эле учурда биз орус тили негизги тил болгон Казакстан жашоочуларынын укуктары боюнча маселеде казак кесиптештерибиз жана өнөктөштөрүбүз менен байланышып турабыз», — деди ал.

Захарова Казакстанда орус тилин сактоо боюнча алгылыктуу иш-чаралар жүрүп жатканын дагы белгиледи.

Президент Нурсултан Назарбаев кол койгон «Улуттук валюта банкноттору менен тыйындарынын дизайнынын концепциясын бекитүү тууралуу» жарлыкта «теңгедеги жазуулар мамлекеттик тилде гана болуусу кажет» деп жазылган. Чет тилиндеги жазуулар бир гана инвестициялык жана коллекциялык тыйындарда болушу мүмкүн.

Учурда колдонууда жүргөн теңгеде орусча жазуу бар. Казакстандын Конституциясында орус тили мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында казак тили менен бирге колдонулат деп жазылган. Казакстанда мамлекеттик тил макамына казак тили гана ээ.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18