17:55, 22 февраля 2019, 24.kg

Балдарга ыдык көрсөттү деп айыпталган түрк жараны кызматтан бошотулду

Бишкекте түрк лицейинин директору окуучуларга ыдык көрсөткөнү тууралуу билдирүү келип түшкөнүн УКМК 24.kg агенттигине тастыктады. Иш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги аталган мектептин директору менен анын орун басарлары кызматтан четтетилди деп билдирди.

«Учурда аталган окуу жайда убактылуу администрация иштеп жатат. Түркиядан келген инспекторлор текшерүү жүргүзөт. Аталган маселе боюнча иликтөө жүрүп жатат», -деп билдирити элчиликтен.

Эске салсак, Жал кичи районунда жайгашкан түрк лицейинин окуучуларынын ата-энелери арыз менен кайрылышканын депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин отурумунда айтып чыккан.

Анын билдиргени боюнча, директор окуучуларды жаратылыш койнуна эс алдырганы алып барып, аларга ыдык көрсөткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18