15:16, 22 февраля 2019, 24.kg

Кыргыз-Кытай алакасы. Тышкы иштер министри Пекинде жүрөт

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Кытайдагы иш сапары уланууда.

Мекеменин маалыматында, министр Кытайдын Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Хэ Линфэн менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында министрлер экономика жана инвестиция жаатындагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө баарлашып, Кытайдын «Бир куур — бир жол» долбоорунун алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

21-февралда Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын коммерция министри Чжун Шань менен жолуккан. Анда эки министр Кыргызстандын товарларын Кытайга экспорттоо тууралуу маселелерди талкуулаган.

Андан мурун Айдарбек Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) баш катчысы Владимир Норов менен да жолукканы кабарланган. Анда быйыл Бишкекте өтө турган ШКУнун жыйынына даярдык тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн.

Азырынча министрдин Синьцзян аймагына сапар тартары белгисиз. Кытайдагы кыргыздарга карата кыйноолордон кийин Акыйкатчы Токон Мамытов этникалык боордоштор жашаган райондорго барып келди. Акыйкатчынын айтымында, кайра тарбиялоо лагерлери боюнча маалыматтар такталган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18