11:26, 22 февраля 2019, 24.kg

Казакстандын картошконы алып кирүүгө тыюу салышы ички рынокко таасир этпейт

Казакстандын Кыргызстандан картошконы алып кирүүгө тыюу салышы ички рынокко таасир этпейт. Бул тууралуу «Республика-Ата-Журт» фракциясынын отурумунда Айыл чарба министри Нурбек Мурашев билдирди.

Айтымында, Казакстан кыргыз картошкасын колдонгон ири кардар эмес.

«Биз картошканы негизинен Өзбекстанга экспорттойбуз. Учурда Түркмөнстанга да экспорттоп баштадык. Казакстанга анча чоң эмес көлөмдө өткөрчүбүз, андыктан алардын санкциясын өтө тоготпойбуз деле. Биздин картошканын сапаты абдан мыкты», -деди ал.

Айтымында, Өзбекстанга экспорт болуп жатат. Өлкө аймагында 70 миң тонна картошка бар. Анын дүң баасы сортуна карата 1 килограммы 5,5 сомдон 12 сомго жетүүдө.

Эске салсак, 19-февралдан тарта Казакстан Кыргызстандан картошка, алма жана хурманы экспорттого тыюу салган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18