09:22, 22 февраля 2019, 24.kg

Акыркы 4 жыл аралыгында 177 бала асырап алуучу үй-бүлө окутулду

2014-2018-жылдарга дейре 177 асырап алуучу (фостердик) үй-бүлө окутулуп, сертификацияланган, асырап алуучу (фостердик) үй-бүлөнүн тейлөөсү менен 98 бала камсыздандырылган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тегерек столдун жүрүшүндө айтты.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, өкмөт үчүн балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу жана ага тыюу салуу мамлекетик деңгээлде комплекстүү чечүүнү талап кылган актуалдуу жана курч көйгөйлөрдүн бири катары калууда.

Маалыматка ылайык, ата-энелеринин кароосуз калган балдарды үй-бүлөлүк чөйрө менен камсыздоо иретинде асырап алуучу (фостердик) үй-бүлө институту ишке киргизилүүдө,

«Балдарды кароого алуунун альтернативдик үй-бүлөлүк формасын өнүктүрүү ата-энесинин кароосуз калган балдарга, анын ичинде, мигранттардын балдары жөнүндө тийиштүү камкордук көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга катар үй-бүлөдөгү балага карата зомбулук көрсөтүү жеке көрүнүш катары каралбастан, коомдогу сергектиктин жана адам укугунун бузулушу жаатындагы олуттуу көйгөй катары каралышы абзел. Коомдо балдарга карай зомбулукка жол берилбеши тууралуу түшүнүк сиңирилиши керек, анткени, чөйрөнүн көйгөйүнө кошкөңүл мамиле кылуу аркылуу жалпыбыз унчукпастан кылмышка катышуучу катары кабылдануубузга жол берилүүдө», — деп билдирди вице-премьер-министр.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18