08:49, 22 февраля 2019, 24.kg

Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүн отставкага кетирди

Андан мурдарак Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү экономикалык маселелерди жөндөй албаганы үчүн өкмөт «кетиши керек» деп айткан. Президент өкмөттү казакстандыктардын жашоо деңгээлин көтөрө алган жок деп сындады. Өлкөдө жумушсуздук көйгөйү, айрыкча айыл жергесинде чечилген эмес.

Нурсултан Назарбаев белгилегендей, чакан жана орто ишкердик экономикалык өнүгүүнүн негизги күчүнө айланган жок.

Казак өкмөтүн убактылуу вице-премьер-министр Аскар Мамин жетектейт.

Өкмөттүн кызматтан чегиниши өлкө боюнча көп балалуу энелердин нааразылыгы күчөгөн маалга туш келди. Астанада бир үй-бүлөнүн беш кызынын өмүрүн алган өрттөн кийин аялдар мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жатышат.

Казакстан өкмөтүн 2016-жылдын сентябрь айынан бери премьер-министр Бахытжан Сагинтаев жетектеп келген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18