17:31, 21 февраля 2019, 24.kg

Нурбек Токтакунов: Мени каралаган тасманын артында бийлик турат

«Фейсбук» социалдык түйүнүнө мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновго байланыштуу видео жарыяланды. Анда «Токтакунов 2010-жылдагы Ош окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышы бар экени жана психикалык жактан жабыркай турганы» айтылган.

Адвокат өзү муну Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитет (УКМК) атайын жасаганын айтууда. Жарандык коом өкүлдөрү болсо бийликти «адамдын жеке жашоосуна кийлигишип, анын беделин түшүрүүгө аракет кылып жатат» деп сындап чыгышты.

Нурбек Токтакуновго байланыштуу эки мүнөттөн ашыгыраак тасма 19-февралда «Фейсбукка» жарыяланды. Анда адвокатка окшош адамдын жеке жашоосу жашыруун тартылган видеону көрүүгө болот. Нурбек Токтакунов «Азаттык» радиосуна бул тасманын артында бийлик турганын айтып, аны жактоочулук ишине байланыштырды.

«Бул УКМКнын иши. Алар мени атайын эле шантаж кылып, «унчукпай отур» деп белги берип жатат. Бирок алардын жеке жашоомо кийлигишүүгө кандай акысы бар? Видеону таратып жаткан аккаунттар, «Компромат.kg» деген баракчалардын баары ушулардын көзөмөлүндө турган маалымат ресурстары. Бийлик ушуну менен өзүнүн жүзүн көрсөттү. Буга чейин баары эле «азыркы бийликтегилер таза кишилер» деп айтып жатышкан. Мына, кандай экени көрүндү. Мен адам укугу, адамдын эркиндиги, сөз эркиндиги үчүн иштейм. Бул чет өлкөнүн кызыкчылыгыбы же биздин мамлекеттин кызыкчылыгыбы?», — деди ал.

Токтакунов Бишкек — Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Ал атайын кызматка каршы сотко арызданбай турганын айтып, муну сот бийлигине ишенбегени менен түшүндүрдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18