15:24, 21 февраля 2019, 24.kg

Казакстандан ташылып келген бензин 3-4 сомго арзан болушу мүмкүн

Казакстандан бензинди импорттосо Орусиядан ташылып келген бензиндин баасына салыштырмалуу 3-4 сомго арзан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Айтымында, Казакстанда бензин Кыргызстанга караганда болжол менен 10 сомго арзан. Бирок, күйүүчү майды импорттоодо анын баасы коңшу өлкөдөгүдөй болуп калат деген туура эмес.

«Эч кандай экспорттук жана импорттук бажы төлөмдөрү жок, бирок күйүүчү-майлоочу майдын акциздери болот. Анткени күйүүчү май акциздер алдындагы товардык топко кирет. Бүгүнкү күндө акциз 1 тоннасына 5 миң сомду түзөт. Бул күйүүчү майдын баасына дароо бир литрине 5 сом кошулат дегенди туюндурат. Бирок, Казакстанда бензиндин баасы Орусияга караганда арзан. Бул себептен биз бензиндин баасы 3-4 сомго төмөндөйт деп күтүп жатабыз», -деди Олег Панкратов.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18