14:48, 21 февраля 2019, 24.kg

Москвадагы мигранттар үчүн кыргыз тилиндеги радио эфирге чыкты

Москвадагы мигранттар үчүн кыргыз тилиндеги радио эфирге чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Супара» радиосунун башкы директору Мадина Жапарова билдирди.

Анын айтымында, радио мигранттардын темасын чагылдырып, аларга жардам жана жеткиликтүү маалымат берип туруу үчүн иштейт.

«Мигранттарга байланыштуу суроолордун баардыгы камтылат: миграция мыйзамдары, ден соолук, билим, жумуш, турак жай. Андан тышкары, маданият жана эс алуу жаатына дагы көңүл бөлөбүз. Мекендештерди шыктандыруу үчүн ийгиликтүү кыргызстандыктар жөнүндө дагы айтып берип турабыз. Биздин радио-мигранттын үнү болот деген ниеттебиз», — дейт Мадина Жапарова.

«Супара» онлайн радиосу азырынча бир саат кыргыз тилинде гана эфирге чыгат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18