11:17, 21 февраля 2019, 24.kg

Жыл жаңырганда кырк жылкылуу болгон атактуулар

Жыл жаңырганда белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова менен жолдошу Максат Надырбековдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Жубайлар кыздуу болушту.

Photo 106552

Нурзат Токтосунова ай-күнүнө жетпей төрөгөнүн анын күйөөсү Максат Надырбеков инстаграм баракчасында сүйүнчүлөгөн. Алып баруучу Алма-Ата шаарында көз жарган.

«Кыздуу болдум, батаңарды берип койгулачы», — деп жазган Максат Надырбеков.

Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбеков 2015-жылы баш кошушкан. «Аллага миң мертебе шүгүр, кызыбыз өмүрлүү, бактылуу болсун, чоң атасы Акбермет деген ысым ыйгарды, берметтей аруу болсун! Түбөлүгү түз, дөөлөтүү, май көтөн болуп артынан көп ини-сиңди алып келген кыз болсун! Кудайым берсе удаа удаа төрөп, үйдөн чыкпай калайын, көптөн күткөн ырысыбыз жатат жанымда кыбырап. Ар бир аялга бакыт каалайм», -деп жазган алып баруучу.

Photo 106548

Буга улай эле ырчы Омар дагы кырк жылкылуу болду. Жубайы Диана 13-февралда көз жарган.

«Өзгөчө сүйүктүү жарыма ыраазымын. Ыймандуу болуп чоңой кызым», — деп жазган ырчы.

Photo 106547

Маалыматтарга караганда, наристенин салмагы 3 килограмм 560 грамм, бою 47 сантиметр болуп төрөлгөн. Бала жытына мас болуп турган үй-бүлө наристеге Арууке деген ысым ыйгарышкан.

«90-60-90» менин фигурам деген ыры менен тааныма ырчы Кундуз Канатбек кызы дагы бала жытын жыттады. Ал кыздуу болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазган. Анын маалыматына караганда, наристенин салмагы 3 килограмм 600 грамм, бою 54 сантиметр болуп төрөлгөн.

«Азырынча кызыбызга ысым ыйгара элекпиз», — дейт ырчы.

Ушул жылы наристе күтүп жаткандардын катарында рэп ырчысы Баястан менен жубайы бийчи Зулфия, ырчы түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова дагы бар. 

Photo 106549

Мындан тышкары ырчылар Айпери Кубик кызы, Бактыгүл Бадыева дагы бала күтүп жатышат.

Photo 106554

Эмгек сиңирген артист Кайрат Пиримбердиевдин жубайы Эльвира Пиримбердиева дагы кош бойлуу деген маалымат бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18