09:10, 21 февраля 2019, 24.kg

Бишкекте телеканалдын журналисти пара талап кылуу айыбы менен кармалды

Бишкекте КТРКнын журналисти пара талап кылуу айыбы менен кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматында, Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынан Кант шаарындагы бала бакчанын жетекчиси арыз менен кайрылган.

«Журналист бакча жетекчисинен 30 миң сом талап кылган. Акча бербесе, ал боюнча видео компроматты жарыялайм деп коркуткан. 19-февраль күнү шектүү акча алып жаткан жеринен кармалды. Бирок, бир аздан кийин журналисты бошотуп жиберишти», — дейт укук коргоо органдары.

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы журналист кармалганын ырасташты. Кенен маалыматты кийинчерек беришмекчи.

Photo 106484

Айрым маалыматтарга караганда, кармалган журналист КТРКнын «Ала-Тоо 24» каналынын кабарчысы Элвира Сатыбекова. Телеканал жетекчилиги Элвира Сатыбекованын учурда ооруп жатканын айтышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18