Ирригацияны өнүктүрүү программасы. Долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат
Мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү программасынын алкагында жаӊыдан өздөштүрүлчү жалпы 65 миӊ гектар жердин 30 миӊ гектары, же 46 пайызы Баткен областына тиешелүү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.
Мамлекет башчысы 2017-2026-жылдарга карата бекитилген Мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү программасы боюнча 634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилип, 1901 гектар жерлердин суу менен камсыздалышы жогорулап, 1600 гектар жерлердин мелиоративдүү абалы жакшырганын белгиледи.
Ал белгилегендей, программаны ишке ашырууда долбоорлор 3 топко бөлүнгөн. Биринчи топко кирген 17 ирригациялык объектилерди куруунун каржы булактары аныкталган.
Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 256 миллион доллар болгон, башкача айтканда 18 миллиард сом суммасында каржыланган 31 суу-чарба объектилери ишке берилет.