16:54, 20 февраля 2019, 24.kg

Өлкөдө алимент төлөбөй жүргөндөрдүн сүрөтүн интернетке жарыялоо сунушталууда

Жогорку Кеңеш «Сот аткаруучулардын макамы жөнүндөгү» мыйзамга жана Үй-бүлөлүк кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карайт. Документтин автору — депутат Максат Сабиров.

Мыйзам долбоорунда алимент төлөбөй качып жүргөндөрдүн аты-жөнүн, сүрөтүн интернетте атайын түзүлгөн электрондук маалымат базасына киргизүү, айдоочулук күбөлүгүн алуу жана чет өлкөлөргө чыгуусуна тыюу салуу сунушталган.

Депутаттын айтымында, учурда алимент төлөбөгөндөр бир аз гана айыппул төлөшөт.

«Эгер 70% алимент төлөбөсө, кылмыш иши козголот. Биз айдоочулук күбөлүктөрүн алып, аңчылык кылууга уруксат бербөөнү сунуштап жатабыз. Мындан тышкары алардын аты-жөнүн, сүрөттөрүн интернетке чыгаруу керек», — деди Сабиров.

Сот департаментинин маалыматына караганда, өлкөдө алимент төлөбөй жүргөн жарандардын саны 40 миңден ашык.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18