15:01, 20 февраля 2019, 24.kg

Аскар Акаев Улуттук илимдер академиясынын академиктер тизмесинен чыгарылган жок

Аскар Акаев Улуттук илимдер академиясынын академиктер тизмесинен чыгарылган жок. Бул тууралуу «Азаттык» билдирет.

Илимдер академиясынын маалыматында, Аскар Акаев жылдык жыйынга катышуучу мүчөлөрдүн курамынан чыгарылды. Ал дагы эле академиянын мүчөсү.

Белгилей кетсек, буга чейин «Акипресс» маалымат агенттиги «Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Улуттук илимдер академиясынын башкаруучу кеңешинин тизмесинен чыгарылды» деген маалымат тараткан.

Жалпысынан Улуттук илимдер академиясында 34 академик жана 40 мүчө-корреспондент бар. Жобого ылайык алардын баары академиянын жылдык жалпы жыйынына катышууга милдеттүү. Бирок ага катышууга болгону 28 академик каттоодон өткөн. Калгандары алыс жашагандыгына байланыштуу келе алган жок.

Аскар Акаев 2005-жылдан бери Москва шаарында жашайт. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18