14:27, 20 февраля 2019, 24.kg

Ош-Баткен-Исфана авто жолун оңдоо. 64 суу өткөрүү түтүктөрү курулду

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн жумушчу сапарынын алкагында Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдагандай, азыркы этапта 59 миң 559 м3 көлөмүндө жер иштери аяктады, 64 суу өткөрүү түтүктөрүнүн курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары жыйынтыкталды. Жаңы көпүрөнүн курулушунун 85 пайызы аяктады, 5,3 чакырымына асфальт-бетон төшөлдү.

Ислам өнүктүрүү банкы реконструкциялоонун донору болуп саналат. Курулуш иштерине 12 даана жол куруу техникалары жана 62 жумушчу тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18