14:15, 20 февраля 2019, 24.kg

Быйыл республикалык көчмөндөр оюндары Таласта өтөт

Республикалык көчмөндөр оюндарын жалпы өлкөбүзгө жайылталы деген максатта ар жылы бир облуста Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бийик деӊгээлде өтүп, ага жер шарынын 60ка жакын өлкөсүнөн келген өкүлдөр катышканын жана көчмөндөр оюнун өткөрүү кезеги Түркияга берилгенин эске салды.

«Бул оюндардын маанилүүлүгүн эске алып, өзүбүз дагы Кыргызстанда жыл сайын республикалык деңгээлде Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик. Быйылкы оюндарды Талас облусунан баштайлы деп жатабыз. Андан соң, эстафетаны башка областтар алып, өткөрө баштайт», — деп белгиледи президент.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18