Эл каттоо. Бир жылдан ашык четте жүргөн мигранттар калктын катарына кошулбайт
2020-жылы Кыргызстанда ири иш-чара — калкты жана турак жайды каттоо жүрөт.
Алгач 2019-жылдын 25-мартында Токмок шаарынын тургундары каттоого алынат. Чүй облусундагы бул шаар пилоттук район катары тандалып алынды. Анын жыйынтыгынын негизинде жалпы республикалык акциянын даярдыгында акыркы жыйынтыктар чыгарылат. Президенттин тапшырмасы менен каттоо электрондук түрдө жүрөт. Ал үчүн 54 миллион сомго планшеттер сатылып алынат. Улуттук статком бул ишти «Инфокомдун» жардамы менен ишке ашырмакчы.
Өкмөт үчүн аты жок көчөлөр, мыйзамсыз үйлөр баш оорутуну жаратууда. Андан тышкары, мыйзам курулуштар дагы каттоодо тоскоолдуктарды жаратат. Бирок, жыйынтыгында өкмөт мыйзамсыз курулуштардын так санын билмекчи.
«Бишкек шаарында 6,5 миңдей мыйзамсыз салынган үй бар. Биз аларды каттоону кантип уюштуруу жагын азыр карап жатабыз. Ал үйлөргө техникалык паспорт берүү сунушу парламентте каралып жатат. Үйдө жашаган жарандар паспорт алып, жергиликтүү мектеп жана ооруканага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек», — дейт Бишкек мэриясынын өкүлү. «Суроолорго жеке сыр түрүндөгү маалыматтар суралбайт», — дейт Улуттук стастикалык комитет.
Суроолор үй-бүлө, үй-бүлө мүчөлөрү, жашаган жери, киреше булагы тууралуу берилет.
Андан тышкары, миграция боюнча, чет өлкөдөн акчалай которуулар боюнча дагы суроолор киргизилди. Айтмакчы, четте бир, же андан көп жыл жашагандар Кыргызстандын калкынын санына кошулбайт. Айтмакчы, мигранттар боюнча суроолдор КМШ жана ЕАЭБтин сунушу менен кирди.
«Чет өлкөдө каттоо жүрбөйт. Биз болгону дипломатиялык миссиялардын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөсүн гана каттайбыз», — деди Улуттук стаском.
Эл каттоодо чет элдик жарандар дагы катталат. Алар Кыргызстанга сапарынын максатын айтып беришет.
Белгилей кетсек, эл каттоо ар бир 10 жылда жүргүзүлөт. 2009-жылы Кыргызстандын калкынын саны 6,5 миллион болгон.