11:15, 20 февраля 2019, 24.kg

Депутаттар кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборун жабууну чечти

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборун жабууну чечти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шаардык кеңештин басма сөз катчысы Мээрим Керимканова билдирди.

Айтымында, кечээ социалдык маселелер боюнча шаардык кеңештин көчмө жыйыны болгон.

«Имарат начар абалда. Спорт зал менен ашканада сасык жыт бар. Мурда борбордо 80 бала тарбияланчу, арасында аймактардан келгендери да болчу. Кийин шаардык бюджеттен сырттан келген балдарга эмне себептен каражат бөлүнүшү керек деген суроо көтөрүлгөн. Андан кийин сырттан келген балдар башка мекемелерге жөнөтүлдү. Аталаган борбордо болгону 20 бала калган. Депутаттар мэрияга балдарды башка борборго которууну сунуштады. Жалдагы борбор 80 пайызга толгон, ал жакта шарттары да жакшы, балдар көчөдө калбайт», -деди Мээрим Керимканова.

Ал эми аталган борборду бала бакча катары пайдалануу пландалууда. Имарат 180 орундукка ылайыкташтырылган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18