09:25, 20 февраля 2019, 24.kg

КТРКнын башкы директору кызматына карата өткөрүлгөн сынактын 2-баскычы аяктады

КТРКнын башкы директору кызматына карата өткөрүлгөн сынактын экинчи баскычы аяктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган каналдын байкоочу кеңешинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңештин мүчөлөрү сынакка катышкан талапкерлердин документтеринин аныктыгын текшеришти. Керектүү кагаздардын баары берилген тапшырмаларга ылайык толтурулганы маалым болду. 19 талапкер 28-февралда өтө турган сүйлөшүүгө чакырылды.

Документтерди кабыл алууда байкоочу кеңеш 3 талапкерди сынактан четтетти. Элдар Аттокуров, Бөлөкбай Шеримбеков жана Жылдыз Муслимованын документтеринде кемчиликтер болгондуктан алардын талапкерлдиги каралган жок.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18