14:02, 19 февраля 2019, 24.kg

Ош шаарынын базарынан жасалма жумуртка табылган жок

Ош шаарынын базарынан жасалма жумуртка табылган жок. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук кызматынын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта Ош шаарынын тургуну базардан сатып алган жумуртканы көрсөтүп, анын жасалма экендигин айтып, Кытайдан импорттолушу мүмкүндүгүн божомолдогон.

Видеону таркаткан жаран табылды. Ал жумуртканы Ош шаарындагы «Арча» кичи базарынан сатып алган.

«Ал сатуучунун сатыктагы жана кампадагы жумурткалары алынып, экспертиза өткөрүлдү. Алдын-ала экспертизада жумурткалар кадимки, натуралдуу экендиги аныкталды. Ал жигит өзү видеодогу жумурткаларды көрсөтө алган жок. Сатуучунун айтымында, жумурткалар Ысык-Көлдөн келген. Көлдөгү тоок фабриканын иши дагы текшерилет», — деди ал.

Калысбек Жумакановдун айтымында, Кыргызстанга Кытайдан тоок жумурткасы алынып келинбейт.

«Биз жумуртканы ЕАЭБ жана Өзбекстандан алып келебиз», — деди ал.

Кыргызстан 2018-жылы 24 миллион жумуртка импорттогон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18