10:55, 19 февраля 2019, 24.kg

Жол кырсыгында каза болгон Арслан Тойдиев өз өлүмүнө ИИМди айыптаган

Бишкектеги жол кырсыгында каза болгон 34 жаштагы Арслан Тойдиев өз өлүмүнө ИИМди айыптаган. Бул боюнча ал 2018-жылдын январь айында жарыялаган катында билдирген.

Белгилей кетсек, кечээ Бишкектин Фучик менен Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кырсыкка учурап, 34 жаштагы айдоочу набыт болду. Жанындагы жүргүнчү Асел Мамбеткалиева ооруканада.

Арслан Тойдиев чет өлкөдө жүргөн кезде кат жазып, кокус өлүп калса, ага ИИМдеги аткаминерлер күнөлүү болорун айткан. Ал негизинен уурдалган унааларды Кыргызстанга алып келип сатуу бизнесине ИИМдин мурдакы орун басары Данияр Абдыкааровду күнөөлөп, Жогорку Кеңештин депутаттарынын унааларын дагы текшерүүнү сунуштаган.

«Менин сөзүмдүн актыгын билүү үчүн Абдыкаровдун жана анын үй-бүлөсүнүн унааларын текшерип көрүү керек. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөттүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин унааларынын экспертизасын карап чыгуу кызыктуу», — дейт ал.

Кийинчерек Арслан Тойдиев сөзүнөн баш тартып, видео кайрылуу жазган.

Данияр Абдыкааровдун айрым кылмыштуу иштерге байланышы боюнча Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында дагы айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18