10:09, 19 февраля 2019, 24.kg

Кыргыз ишкеринен 10 миң доллар талап кылган чет элдик жаран кармалды

Кыргыз ишкеринен 10 миң доллар талап кылган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Аталган кызмат тарабынан 15-февралда 3 миң доллар өлчөмдө акча каражатын алып жаткан учурунда КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны А.Ю. кармалды.

«Кармалган адам уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, ишкерден 10 миң АКШ долларын талап кылган», — дейт УКМК.

Аталган факт боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинде «Опузалап пара талап кылуу» каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту А.Ю. аттуу чет элдик жаранды эки айга камоого алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18