17:29, 18 февраля 2019, 24.kg

Коопсуз шаар. Айыпты эки аптада төлөсөңүз 50 пайыз арзандайт

Жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулун эки жумада төлөсө 50 пайызы кемитилет. Бул тууралуу журналисттерге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Айыпты банк жана «Кыргыз почтасы» аркылуу төлөнөт.

«Жол эрежесин бузууларды «Вега» компаниясынын жабдуулары аныктап, аны «Инфоком» мамлекеттик ишканасына жөнөтөт. Ал жактан мониторинг борборуна келип түшөт. Инспекторлор басып чыгарып, кол коюп, почта аркылуу ууна ээсине жөнөтөт», — деп түшүндүрдү өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралда ишке кирди. Биринчи күн эле 10 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталды. Азырынча камералар шаардын айрым көчөлөрүндө гана иштеп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18