13:47, 18 февраля 2019, 24.kg

Калктын номиналдуу кирешеси 20 пайызга көбөйдү

Калктын номиналдуу кирешеси 2018-жылдын январь-сентябрь айларында 304 миллиард 800 миллион сомду түздү. Бул тууралуу статистикалык комитети маалымдайт.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көп.

Статкомдун билдирүүсүндө, Кыргызстандын калкы негизги кирешесин — эмгек акы түздү. Маяна — кирешелердин жалпы көлөмүнүн 71,5 пайызын ээлеп, 217 миллиард сом өлчөмүндө. Ал эми жеке, же көмөкчү чарбалардан кыргызстандыктар өткөн жылдын тогуз айында 30 миллион сом табышкан.

Ал эми калктын реалдуу акчалай кирешелери 2017-жылга тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,8 пайызга көбөйүп, 299 миллиард 78 миллион сом болду.

Белгилей кетсек, номиналдуу киреше — бул маяна, киреше, ижара акы жана башкадан иштеп тапкан акчанын көлөмү. Ал эми реалдуу киреше — бул номиналдуу кирешеге сатып ала турган товар жана кызматтардын наркы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18