11:55, 18 февраля 2019, 24.kg

КТРКны жетектөөгө камынгандардын тогузу арыз берди

КТРКнын байкоочу кеңешине башкы директорлук орунга жарыяланган сынакка тогузу арыз келип түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.

Бүгүн арыз берүүнүн акыркы күнү. Кечки саат 17.00дө комиссия мүчөлөрү талапкерлерин атын жарыялайт.

Сынак төрт этаптан турат. Алгач талапкерлердин арызы каралып, андан кийин документтери текшерилет. Жеке баарлашуу жана талапкерлердин программасы каралат.

Ат салышкандардын арасында жарандык активист Адил Турдукулов, Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу бар экени белгилүү. Экинчи мөөнөткө барарын жарыялаган Илим Карыпбеков азырынча арыз бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18