10:11, 18 февраля 2019, 24.kg

Өкмөт экспорттун көөлөмүн көбөйтүүгө бет алды

Өкмөт экспортерлордун кеңешин түзмөкчү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Экономика министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди.

Ал өлкө экономикасы өнөр жай өндүрүшүнө багыт алып, реэкспорттук «жан бактылыктан» кайтып жатканын айтты. Буга байланыштуу өнөр жай секторундагы ишканаларга бардык тийиштүү мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле вице-премьер-министр белгилегендей, сырьелук өлкө көндүмүнөн четтеп, жогорку кошумча нарктуу продукцияны өндүрүүгө басым жасоо аркылуу экспорттук потенциалды жогорулатуу зарыл.

«Буга байланыштуу квартал сайын экспорттогу көйгөйлөрдү, аныкталган маселелерди чечүү боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча экспортерлордун кеңеши түрүндө диалог аянтчасын түзүүнү сунуштайм. Мындан тышкары, учурда электрондук соода катышуучулары ортосундагы мамилелер жалпы укук ченеми аркылуу жөнгө салынат, ошол эле учурда электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн атайы мыйзам иштелип чыгышы зарыл. Мыйзам базасынын жетиштүү иштелип чыкпагандыгына байланыштуу өлкө бюджети маанилүү кирешелерден четте калууда. Ошондой эле бул өлкөнүн экспорттук потенциалын чектөөгө алат», — деди Замирбек Аскаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18