09:16, 15 февраля 2019, 24.kg

Тажикстан Өзбекстанга сатылып жаткан электр энергиясынын баасын жогорулатат

Тажикстан жаз жана жай мезгилдеринде Өзбекстанга сатылып жаткан электр энергиясынын баасын жогорулатууну көздөп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Тажикстандын «Барки точик» мамлекеттик энергохолдингине шилтеме кылып жазышты.

Маалыматка караганда, учурда эки өлкөнүн энергетикалык компаниялары алдыдагы жаз жана жай мезгилдеринде тажик электр энергиясын Өзбекстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

«Барки точик» холдингинин төрага орун басары Мадумар Асозода тажик тарап электр энергиясы үчүн былтыркыга салыштырмалуу быйыл кыйла жогорку тариф сунуштап жатканын билдирди. Анын айтымында, баалар тараптар макулдашкандан кийин жарыяланат.

Өткөн жылы Өзбекстан бир киловатт электр энергиясы үчүн Тажикстанга 2 центтен төлөгөн. Быйыл тажик тарап коңшусуна 1,6 млрд. киловатт/саат электр энергиясын сатууну пландап жатат. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 200 млн. киловатт/саатка көп.

Өзбекстан Тажикстандан электр энергиясын 2009-жылы, өлкө Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык системасынан чыккандан кийин албай калган. Бирок 2018-жылдын апрелинен тарта кайрадан Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18