09:14, 15 февраля 2019, 24.kg

Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Жогорку cотко берилди

«Ата-Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Жогорку cотко берилди. Бул тууралуу «Азаттык» «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага таянып билдирди.

Маалыматка караганда, өтүнүч жаңы жагдайга, Кылмыш-процессуалдык кодекстин ишке киргенине байланыштуу берилди.

«Акыркы чечимди Жогорку сот кабыл алгандан кийин ошол жакка кайрылдык. Эми алар Биринчи май райондук сотуна жибериши мүмкүн. Бирок бизде андай малымат азырынча жок», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов жемкорлук айыбы менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

Ага ырайым көрсөтүү өтүнүчү менен экс-президент Роза Отунбаева президентке кайрылган. Бирок, «Ата-Мекен» лидери ага макул болбогондуктан өтүнүч токтотулган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18