09:09, 15 февраля 2019, 24.kg

Илим Карыпбеков КТРКга кайра жетекчи болууга камынды

Илим Карыпбеков КТРКга кайра жетекчи болууга камынды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Илим Карыпбеков телеканалдын жамаатынын өтүнүчү менен ачык сынакка катышарын айтты.

«КТРКдин башкы директорлугуна ачык сынак жарыялангандан бери менин төрт жылдык ишмердигимди жаман жаатта көрсөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул аракеттер жамаатты мени колдоп Байкоочу кеңешке, парламентке жана президентке кайрылууга түрттү. Алардын сунушу менен мен өзүм үчүн оор чечимди кабыл алып, кайра жетекчилик орунга ат салышмай болдум», — дейт Илим Карыпбеков.

Илим Карыпбековдон сырткары, КТРКнын башкы директорлук ордуна жарыяланган сынакка жарандык активист Адил Турдукулов арыз берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18