12:41, 14 февраля 2019, 24.kg

ЖЭБти модернизациялоо чечимин Сапар Исаков кабыл алган

ЖЭБти модернизациялоо чечимин Сапар Исаков кабыл алган. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, жабдуулар дагы Сапар Исаковдун көрсөтмөсү боюнча сатылып алынган.

«Жылуулук электр борборунун 90 пайызын 50 миллион долларга модернизацияласа болмок, ага 380 миллион доллар кеткен», — дейт ал.

Өткүрбек Жамшитов, айыптуулар азыр өзүн баатыр катары көрсөткүсү келип жатканын белгиледи.

«ЖЭБтеги аварияда алар өлкөнү кырсыктан сактаганын айтышууда. 380 миллион долларга модернизация болгон эки жылыткыч блок кантип шаарды жылуулук менен камсыз кыла албай калды», — деди Башкы прокурор.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18