09:44, 13 февраля 2019, 24.kg

Караколдогу окуучунун өлүмү. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Караколдо киши колдуу болуп каза тапкан окуучунун өлүмүнө шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Айтымында, шектүү балдарды кармоо учурунда алардын жанында ата-энелери дагы чогуу болду. 

«Кармалгандардын 5өө жашы жете электер. Сурак маалында орто билим берүү мекемесинин социалдык педагогу жана коргоочу катышты. Кылмыш ишти иликтөө Каракол шаардык прокуратурасынын көзөмөлүндө. Ар бир шектелүүчү медициналык кароодон өттү. Биздин борбордун өкүлү шектүүлөр жана ата-энелери менен сүйлөштү, алардан эч кандай арыз келип түшкөн жок», -деди Нурдин Сулайманов.

Эске салсак, Караколдо унаа базарынын жанынан 18 жаштагы жарандын сөөгү табылган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18