Кеңеш. Балага үйрөтүүчү коопсуздук чаралары
Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, эч ким кырсыкка же жаман окуяларга туш болуп калуудан кепилденген коргоого ээ эмес. Бирок, сактык чараларын колдонуу менен ар кандай ыңгайсыз абалдардын алдын алууга болот. Айрыкча балдарга коопсуздук эрежелерин үйрөтүп коюу ашыктык кылбайт.
Элдик үй-бүлөлүк медициналык клиникасынын психологу Сейил Калдыбаева жана үй-бүлөлүк кеңешчи Айсаада Иманканова 24.kg агенттигине балага керектүү сактык чараларын сактоону үйрөтүү тууралуу кеңештерди беришти.