08:59, 13 февраля 2019, 24.kg

Кыргызстандык жана өзбекстандык жарандар сексуалдык кулчулуктан бошотулду

Түркиянын Стамбул шаарында атайын операция уюштурулуп, анда кыргызстандык жана өзбекстандык 35 кыз-келин сексуалдык кулчулуктан бошотулду. Бул тууралуу Хаберлер басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, операция маалында 85 киши кармалган, алардын 35и Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандары болуп чыкты. Алардын баары Гайреттепедеги коомдук коопсуздук бөлүмүнө жеткирилди.

Алдын ала алынган маалыматка таянсак, банда мүчөлөрү кыздар менен социалдык түйүн аркылуу сүйлөшүп, Түркияга алдап чакырышкан. Кийин сексуалдык кулчулукка иштетишкен.

Жабырлануучулар өз өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18