08:41, 13 февраля 2019, 24.kg

Киши колдуу болуп каза тапкан мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан киши колдуу болуп каза тапкан мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, шектүү катары 8 тургун кармалды. Алардын эң кичүүсү 16 жашта экени айтылууда.

«Шектүү катары 19 жаштагы Н.Т. жана 17 жаштагы Ж.С., С.Д., А.А., К.А. жана 16 жаштагы Т.Т., Т.Э. аттуу мектеп окуучулары кармалды. Сурак маалында кармалгандар каза болгон жаран менен мамилелери начар экендигин айтышкан. Алардын айтымында, маркум өткөн жылдын декабрында шектүүлөрдүн биринин телефонун алып, сабап койгон. Мындан улам алар өч алуу максатында маркумду чакырып чыгып, таяк менен сабашкан», — деп билдирет басма сөз кызматы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18