11:07, 12 февраля 2019, 24.kg

Сүймөнкул Чокморов атындагы № 92 элдик кол өнөрчүлүк лицей кейиштүү абалда

Сүймөнкул Чокморов атындагы № 92 элдик кол өнөрчүлүк лицей кейиштүү абалда. Бул тууралуу маалымат жыйында билим берүү мекемесинин жетекчилиги билдирди.

Директор Динара Ашированын айтымында, лицейдин айрым имараты бузулууда. Маалыматка караганда, имарат 1979-жылдан бери ремонттон өтө элек.

«Башталгыч кесиптик билим берүү боюнча агенттиктин директору Таалайбек Чолпонкуловдун мыйзамсыз аракеттери жана кош көңүл мамилесинен улам лицей кейиштүү абалга келди. Акыркы жылдары 10 бөлүм жок болду. Лицейге каражат бөлгүлө деген сунушум жоопсуз калды. 2017-жылы кызматка келгенден бери мыйзам бузууларды байкадым. Таалайбек Чолпонкулов кошумча каражаттарды жана гранттарды кайсыл лицейдин директорлору алдынан өткөн болсо ошолорго гана бөлүп жүрүптүр», -деди ал.

Лицейде 200 студент билим алып, 43 мугалим эмгектенет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18