10:06, 12 февраля 2019, 24.kg

Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана Осмонбек Артыкбаевдин иши сотко өттү

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине тийиштиги бар делген мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаевдин иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, материалдар Свердлов райондук сотуна келип түштү. Биринчи соттук отурум качан боло турганы азырынча белгисиз. Белгилей кетсек, айыпталуучулардын жактоочулары аларды күнөөлүү эмес деп айтышууда.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов, мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаев дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18